Энергетика министрлигиндеги ачык диалог жаштардын кызыгуусун арттырды
23 май

Энергетика министрлигиндеги ачык диалог жаштардын кызыгуусун арттырды

  • Энергетика министрлигинде өткөн “Ачык эшиктер күнү” жаштар үчүн унутулгус жана шыктандыруучу жолугушууга айланды. Өлкөнүн ар кайсы окуу жайларынан келген болочок энергетиктер министрлик жетекчилиги менен ачык баарлашып, энергетика тармагынын сырлары менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Иш-чара Президент Садыр Жапаров жүргүзүп жаткан “ачык башкаруу” саясатынын алкагында уюштурулду.

  • “Ачык эшиктер күнүнө” Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Кыргыз улуттук агрардык университети, Политехникалык колледж (МУК), Политехникалык колледж (КГТУ), ошондой эле №100, №97 жана №27 кесиптик лицейлеринин студенттери жана энергетика тармагында эмгектенип жаткан жаш адистер катышышты.

  • Алгач жаштар энергетика тармагынын бүгүнкү абалы, келечектеги пландары жана өлкө экономикасындагы орду тууралуу кеңири маалымат алышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстан Улуттук электр тармактары ишканасынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилип, Кыргызстандын энергетика тутуму боюнча атайын имидждик видеоролик көрсөтүлдү. Ошондой эле “CASE-IN” инженердик чемпионатынын жеңүүчүлөрү өздөрүнүн инн

    “Ачык эшиктер күнүнүн” эң кызыктуу бөлүктөрүнүн бири – практикалык таанышуу сапары болду. Катышуучулар Улуттук электр тармактары ишканасына караштуу энергетикалык объектилерге барып, Аламүдүн ГЭС каскады курамындагы ГЭС-3 жана ГЭС-4 станцияларынын ишмердүүлүгү менен жеринен таанышышты. Жаштар электр энергиясынын кантип өндүрүлөрүн өз көздөрү менен көрүп, кубаттуу турбиналардын, генераторлордун жана заманбап энергетикалык жабдуулардын иштөө принциби тууралуу маалымат алышты.

  • Экскурсия маалында адистер ГЭСтердин иштөө процесси, коопсуздук эрежелери, электр энергиясын өндүрүүдөгү экологиялык артыкчылыктар жана Кыргызстандагы гидроэнергетиканын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып беришти.

  • Жаштар үчүн бул күн жөн гана экскурсия эмес, келечектеги кесибине болгон кызыгууну арттырган, жаңы дем берген өзгөчө тажрыйба болду. Көпчүлүк катышуучулар энергетика тармагынын масштабына, жоопкерчилигине жана заманбап технологияларына күбө болуп, бул кесипке болгон сый-урматы дагы да артканын айтышты.

  • “Ачык эшиктер күнү” жаштар менен жетекчилердин ортосундагы ачык диалогдун, тажрыйба бөлүшүүнүн жана кесиптик багыт берүүнүн мыкты аянтчасына айланды. Мындай иш-чаралар келечектеги энергетиктерди шыктандырып гана тим болбостон, өлкөнүн энергетика тармагына жаңы муун адистерин тартууга чоң өбөлгө түзөт.