Кыргызстанда сентябрда ар бир соттун ишине баа берилет
Жогорку сот 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгын чыгарып, сот тутумунда аткарылган иштерди, орун алган көйгөйлөрдү, алдыдагы негизги милдеттерди жана өлкө президенти тарабынан коюлган тапшырмаларды талкуулады.
Жыйындын жүрүшүндө сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жогорулатуу, иштерди өз убагында жана мыйзам талаптарына ылайык кароо, ошондой эле жарандардын сот системасына болгон ишенимин бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Жыйында сот системасындагы кемчиликтер сынга алынып, аларды жоюу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди. Жогорку соттун жетекчилиги ар бир соттун ишинин натыйжалуулугу туруктуу көзөмөлдө болорун белгиледи.
Мындан тышкары, сентябрь айында өлкөдөгү ар бир соттун ишмердүүлүгүнө өзүнчө баа берилип, алардын иш көрсөткүчтөрүнө, чыгарган чечимдеринин сапатына жана уюштуруучулук ишине комплекстүү талдоо жүргүзүлөрү маалымдалды.
