Мамкызмат жана ЖӨБ агенттиги бардык мамлекеттик кызматкерлерди кайралан  окутууну пландаштырууда
5 сентябрь

Мамкызмат жана ЖӨБ агенттиги бардык мамлекеттик кызматкерлерди кайралан окутууну пландаштырууда

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушту. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Кудайберген Базарбаев агенттиктин ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берип, аын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кадрлар резерви, административдик-аймактык реформанын (ААР) негизги артыкчылыктуу багыттарына токтолду.

Ошондой эле ал ААР Кыргызстан үчүн өтө татаал жана масштабдуу тарыхый окуя экенин баса белгилеп, ага карабастан ААР ийгиликтүү өткөндүн кошумчалады.

"Жалпы  республикалык ААРга чейин 452 айыл өкмөтү бар болсо, реформанын жыйынтыгында 235 айыл аймагы болуп кайрадан түзүлдү. Ошондой эле, өлкөдөгү 33 шаардын 14 шаарына жакын жайгашкан 19 айыл өкмөтү жана 112 айыл кошулду", - деди Базарбаев. 


Ведомство жетекчиси ошондой элн бүгүнкү күндө Кыргызстанда 22 миң  400 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер бар экенин кошумчалады.