Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаевдин дипломатиялык миссиясы аяктады
Бүгүн, 20-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Казакстандын элчиси Рапиль Жошыбаевди Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн аяктап жаткандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу парламенттен кабарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө төрага Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясын аяктап жаткан элчинин ишмердүүлүгүнө жогору баасын берип, эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Тараптар парламенттер аралык кызматташтыктын учурдагы абалы боюнча да ой бөлүшүп, төрага Марлен Маматалиев кыргыз парламенти Казакстандын парламентинин жаңы чакырылышы менен да кызматташтыкты бекемдөөгө жана кеңейтүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.
Мындан тышкары, жолугушууда соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана аймактык кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.
Өз кезегинде элчи Рапиль Жошыбаев Кыргызстанда иш алып барган мезгилде көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылыгын айтып, эки өлкөнүн ортосундагы достук жана стратегиялык өнөктөштүк мындан ары да бекемделе берерине ишенерин билдирди.
Жолугушуунун соңунда Марлен Маматалиев элчинин мындан аркы мамлекеттик жана дипломатиялык ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.
