Соттук-эксперттик кызмат лабораторияны ISO/IEC 17025 эл аралык стандарты боюнча аккредитациялоого даярданууда
9 октябрь

Соттук-эксперттик кызмат лабораторияны ISO/IEC 17025 эл аралык стандарты боюнча аккредитациялоого даярданууда

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Соттук-эксперттик кызматында ISO/IEC 17025 эл аралык стандартынын талаптарына ылайык материалдар, заттар жана буюмдарды криминалистикалык экспертизалоо башкармалыгынын лабораториясын аккредитациялоого даярдоонун маанилүү этабы аяктады.

Шайкештикти баалоо 2026-жылдын 5-октябрынан 7-октябрына чейин өттү. Анын негизги максаты - лабораториянын компетенттүүлүгүн жана натыйжалардын сапатына, тактыгына жана ишенимдүүлүгүнө карата эл аралык талаптарды сактоо менен изилдөөлөрдү жүргүзүү жөндөмүн тастыктоо.

ISO/IEC 17025 стандарты боюнча аккредитациялоо соттук экспертиза үчүн өзгөчө мааниге ээ. Ал лабораторияда квалификациялуу эксперттер, керектүү методикалар жана заманбап жабдуулар бар экенин, ал эми бардык изилдөөлөр сапатты көзөмөлдөө боюнча белгиленген процедураларга ылайык жүргүзүлөрүн тастыктайт.

Баалоону Кыргызстандын Аккредитация борборунун лабораторияларды аккредитациялоо бөлүмүнүн жетекчиси Екатерина Витальевна Котова жана Эстониянын айлана-чөйрөнү изилдөө борборунун техникалык эксперти, улук химиги Лайне Партс жүргүзүштү.

Баалоонун жүрүшүндө башкармалыктын эксперттеринин даярдыгынын жогорку деңгээли, лабораториянын заманбап техникалык жабдуусу, жабдуулардын абалы жана керектүү жол-жоболордун сакталышы белгиленди. Өлчөмдөрдүн тактыгын камсыз кылуу, анын ичинде аналитикалык таразаларды калибрлөө маселелерине өзгөчө көңүл бурулган.

Аттестация аяктагандан кийин Сот-эксперттик кызматынын төрагасы Т. Кожоновдун баалоочулар менен жолугушуусу болуп өттү, анын жүрүшүндө жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктары жана лабораторияны өнүктүрүүнүн мындан аркы багыттары талкууланды.