Кыргызстан менен Азербайжандын юстиция министрлери эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты
9 октябрь

Кыргызстан менен Азербайжандын юстиция министрлери эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты

Стамбулда өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин юстиция министрлеринин 3-жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын юстиция министри Алмаз Айылчиев менен Азербайжан Республикасынын юстиция министри Фарид Тураб оглу Ахмедовдун эки тараптуу жолугушуусу болду.

Жолугушууда тараптар юстиция чөйрөсүндөгү кыргыз-азербайжан кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечектүү багыттарын талкуулап, эки өлкөнүн тиешелүү ведомстволорунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү улантуу маселелери боюнча пикир алышты.

Юстиция системасын санариптештирүү, соттук-эксперттик ишмердик жана укуктук жардам көрсөтүү жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле тажрыйба жана алдыңкы практикалар менен алмашууга өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар юстиция чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган Кыргыз Республикасынын жана Азербайжан Республикасынын юстиция министрликтеринин ортосундагы кызматташтык программасын даярдоо жана ага кол коюу жөнүндө макулдашышты.

Тараптар эки тараптуу деңгээлде да, Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында да өз ара аракеттенүүнү мындан ары бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилеп, биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга жана практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.