Мал тууралуу маалыматты эми «Түндүк» тиркемесинен алууга болот
9 октябрь

Мал тууралуу маалыматты эми «Түндүк» тиркемесинен алууга болот

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасы «Түндүк» тиркемеси менен интеграцияланды.

Эми мал ээлери өз атына катталган мал тууралуу маалыматтарды «Түндүк» тиркемеси аркылуу ала алышат.

Эгер малыңыз тизмеде жок болсо же маалыматтарда так эместиктер аныкталса, мал катталган жердеги ветеринардык адиске кайрылууңуздарды өтүнөбүз.

Бул интеграция жарандарга мал тууралуу маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгүн жеңилдетип, кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.