2026-жылдын январь-сентябрь айларында Социалдык фонд 39 261 пенсиялык ишти карады
2026-жылдын январь-сентябрь айларында Социалдык фонд 39 261 пенсиялык ишти карады.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында жалпысынан 39 261 пенсиялык иш каралды.
Анын ичинен сентябрь айында:
2 759 жаранга пенсия жаңыдан чектелди;
596 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелди (эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгына байланыштуу кошумча документтердин негизинде).
Пенсия маселелери боюнча маалымат алуу үчүн 1202 кыска номерине кайрылыңыздар.
