УКМК Түндүк-Чыгыш бажысынын инспекторун кармады
9 октябрь

УКМК Түндүк-Чыгыш бажысынын инспекторун кармады

КР УКМК тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга жана товарды туура эмес декларациялоого шектелип, Түндүк-Чыгыш бажысынын Бажылык тариздөө борборунун текшерүү тобунун инспектору, 1995-жылы туулган Д.М. кармалды.

Такталгандай, инспектор Түндүк-Чыгыш бажысы аркылуу «кара металл» деген аталыш менен 98 даана жарыктандыруу мамысынан турган жүктү өткөргөн.

Мындан тышкары, жүктү бажылык тариздөө учурунда Тышкы экономикалык ишмердиктин товардык номенклатурасынын (ТЭИ ТН) туура эмес коду колдонулган. Натыйжада, бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон милдеттүү бажы төлөмдөрү түшпөй калып, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалган жаран Кыргыз Республикасынын УКМКсынын тергөө абагына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.