Сыйлыкка татыган өнөр адамдары
9 октябрь

Сыйлыкка татыган өнөр адамдары

Сахнадагы кол чабуулардан да өзгөчө толкунданткан учур болот. Ал – эмгегиңдин мамлекет тарабынан бааланып, Президенттин колунан сыйлык алуу ирмеми. Бул күнү бир катар өнөр адамдары татыктуу сыйлыктарына ээ болуп, кубанычтуу көз ирмемдерин жакындары жана күйөрмандары менен бөлүштү. Биз да алардын кубанычына ортоктош болуп, сыйлыктан кийинки алгачкы сезимдерин сурадык.

Темирлан Сманбеков, КР эл артисти: “Кесиптештерим алсын деп өзүм албай жүрдүм”

– Ар бир нерсенин өзүнүн буйруган күнү болот экен. Кээ бир иш-чараларда “эмгек сиңирген артист” дегиле десем: “Агай, сизди кантип эмгек сиңирген деп тааныштырмак элек? Сизге эл артисти деген наамга татыктуусуз, ошентип эле тааныштырабыз”,–деп калышар эле. Кеч алганымдын себеби, мен көп жыл театрларда директор болуп иштедим. Ал жерде иштеген кесиптештерим алсын деп өзүм албай жүрдүм. “Директор кызмат абалынан пайдаланып сыйлык алып алды” деген кептен оолак болоюн десем керек. Башчылык кызматты өткөрүп берип азыр жөнөкөй артистмин. Жаныш Кулмамбетов агабыз төрагалык кылган кеңешменин сунушу менен документтер кетип, бүгүн бул сыйлыкты алып турган чагым. Татыктуу алсаң жакшы экен. Менден мурда эл кубанып канча күндөн бери тынбай чалуулар, куттуктоолордун аягы үзүлө элек.

Жаныш Момунов, КР эмгек сиңирген артисти: “Тажабай он жыл катары менен документ жөнөттүм”

– Мен 6 жашымда М.Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернаттын босогосун аттап, ошондон бери музыка менен келе жатам. “Сиз ырларын шөкөттөп берген жаш ырчылар наам, сыйлыктарды алышты. Сиз качан аласыз?” деген сөздөрдү коомчулуктан көп угуп келдим. Өзүм да тажабай жыл сайын документтеримди жаңылап тапшыра берчүмүн. Үзүлбөгөн үмүт менен он жылдай күттүм. Бул жолу деле берилбейт го деп документтеримди көңүлсүз эле өткөрүп койгом. Өткөндө машина айдап баратсам бир жакшы таанышым чалып: “Сыйлык кут болсун!” десе тамашалап жатат го деген ой менен адеп ишенген жокмун. Чындап алганымды укканымда бир башкача сезим келди. Акыркы жолу качан мынчалык сүйүнгөнүмдү билбейм, айтор эмгегим бааланганына кубандым. Кудайымдын буйругу ушул күн болуптур. Айрым кесиптештерим 60ка таяп алышыптыр, мен 48 жашта эрте алдым деп өзүмдү жубатып койдум. Эмнеси болсо да эмгегибизди баалаган өкмөтүбүзгө чоң рахмат. Бул да болсо чоң стимул болот.

Айпери Кулбаева, КР эмгек сиңирген артисти: “Чоң жоопкерчилик катары кабыл алдым”

– Ар бир иштин өз убагы болот деп коёт эмеспи. Анын сыңарындай эрте эмес, кеч эмес эмгегим өз убагында бааланып даражалуу сыйлык алганыма абдан кубанып турам. Ушул эле сезим буга чейин Президентибиздин колунан “Ардак громата” алган кезде болду эле. Бул жолку сыйлыкты чоң жоопкерчилик катары кабыл алдым. Эл артисти болууга болгон күч-аракетимди жумшап, дагы да талыкпай эмгек кыла бермекчимин. Мени менен бирге кесиптештерим да абдан кубанып, сүйүнүчүмө ортоктош болушту. Сиздердин редакция аркылуу Президентибизге, кубанычыбызга ортоктош болгон ар бириңиздерге ыраазычылык билдирем!

Акбар Сүйүнбаев, КР эмгек сиңирген артисти: “Сыйлык алганымды атам көрсө болмок”

– Былтыр сыйлык алуу боюнча сунуш келгенде, “Мага бир аз эрте. Менден башка маданиятта жүргөн кесиптештерим алсын” деп документтеримди берүүдөн баш тарткан элем. Бирок быйылкы жылга буйруган экен. Миллион катталуучусу бар, балдарга арналган 16 тилдүү D Billions ютуб каналыбызга 700гө жакын кыргызча ырлар бар. Бул да болсо биздин команданын чоң эмгеги. Андыктан мен өзүмдү бул наамга татыктуумун деп эсептейм. Ютуб каналыбыздын арты менен буга чейин да көптөгөн абройлуу сыйлыктарды алганбыз, ар бир жолу “ушуну атам көрсө болмок...” деген жүрөктө түпөйүл ой жаралат. Себеби атам көп жыл өз жеринде эмгек өтөгөн, бирок бир да сыйлык албай өмүрдөн өтүп кеткен. Кочкор районунун атуулдугун алганымда атама арнагам. Бул жолу атам көрсө толкунданып менден мурда сүйүнөт эле деген ой болду. Кудайыма шүгүр, апам төрүбүздө, балдарым, үй-бүлөм менен бардык жакшы тилектерди кабыл алып жаткан чагыбыз.

Курал Чокоев, КР эмгек сиңирген артисти: “Бул наамды чыдамсыздык менен күткөм”

– “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти деген наамды чыдамсыздык менен күткөм. Алгач кадрлар бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген эжекебиз сүйүнчүлөдү. Албетте кубандым, толкундандым. Маданият тармагында 20 жылдан ашык иштеген эмгегибиз бааланды десем болот. Акыркы жылдардагы эл арасында популярдуу болуп жаткан филармониянын сахнасында коюлган мюзклда аткарган ролдорубуз да күйөрмандарыбызга жакты. Россия, Казакстан өлкөлөрүн кыдырып келдик. Бул да болсо талыкпаган эмгегибиздин жемиши деп айта алам.

Аксай Муканбетов, КР эмгек сиңирген артист: “Сыйлыкты татыктуу алдым”

– Сыйлык алгандардын эң кенжеси мен окшойм. Бул бийик даражалуу сыйлык мага 36 жашымда буйруду. Мен Искусство университетин аяктагандан бери 15 жыл маданий чөйрөдөмүн. “Муз Аман” тобунун солисти болсом, бүгүнкү күндө филармонияда эмгектенип келе жатам. Татыктуу алдым, сыйлык өз учурунда баалынышы керек деген ойдомун. Канчалаган эл аралык конкурс, фестивалдарда лауреат, жеңүүчү болдум. “Раймаалы менен Бегимайда роль жарата калып эле алып алды” дегендерге кошулбайм. Ар бир мамлекеттик иш чарага катышып, маданиятыбыз үчүн талыкпай кызмат кылып келе жаткандардын катарында мен да бармын.