Ак-Суу районунун Кайыңды жайлоосундагы көпүрө калыбына келтирилди
ӨКМдин Ысык-Көл башкармалыгы
23 ноябрь

Ак-Суу районунун Кайыңды жайлоосундагы көпүрө калыбына келтирилди

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Хан-Теңири айыл аймагына караштуу Таш-Коро кыштагындагы Кайыңды суусунун нугундагы көпүрөнүн бетон конструкциясын суу жеп, кыйшык абалга келген.

ӨКМдин Ысык-Көл башкармалыгынан кабарлашкандай, жергиликтүү тургундар жана малчылар үчүн маанилүү болгон көпүрөнү калыбына келтирүүгө Хан-Теңири айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан техникалар тартылып, учурда жумуш толугу менен аяктады.

Мындан тышкары, Кайыңды суусунун жээги бекемделди.