Ленин РИИБдин басма сөз кызматы
23 ноябрь
Бишкекте 22 жаштагы Мээрим дайынсыз болууда. Милиция жарандардан жардам сурады
Бишкектин Ленин райондук милициясы 2004-жылы туулган Мээрим Бабаеваны издөөдө.
Милициянын маалыматына караганда, кыздын апасы Ленин райондук ички иштер башкармалыгына кайрылып, кызын издөөдө көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кыз Бишкек шаарынын «Кудайберген» турак жай массивиндеги № 5 көчөдө жайгашкан үйдөн чыгып кеткен. Учурда анын жүргөн жери белгисиз.
Өзгөчө белгилери:
- Бою — болжол менен 165 см;
- Дене түзүлүшү — арык;
- Чачы — ачык түстө;
- Көзү — күрөң.
- Кийген кийими: мезгилге ылайык кийим.
Милиция Мээримдин көргөн билгендер болсо, төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабар берип коюуну өтүнөт: 0 700 860 909, 0 707 143 471 же 102.
