Министрдин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен Корея Республикасынын Элчиси инвестициялык кызматташтык маселелерин талкуулашты
9 октябрь

Министрдин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен Корея Республикасынын Элчиси инвестициялык кызматташтык маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 8-октябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу Кыргыз Республикасындагы Корея Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ким Квангдже мырза менен инвестициялык кызматташтык маселелерин талкуулоо максатында жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Корей инвестицияларын тартууга, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө, өндүрүштөрдү локалдаштырууга жана заманбап технологияларды киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Кыргыз тарап кореялык компаниялардын ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышуусуна кызыкдар экендигин билдирип, Кыргызстандагы кореялык инвесторлорду коштоо механизмин күчөтүүнү сунуштады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-корей экономикалык өнөктөштүгүн мындан ары чыңдоого жана биргелешкен долбоорлорду практикалык ишке ашырууга өтүүгө кызыкдар экендигин ырасташты.