www
3 март
Садыр Жапаров: Оман аркылуу 300 жаранды алып келүү макулдашылды
Президент Садыр Жапаров Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө калып, Ата Мекенине келе албай жаткан жарандарды эвакуациялап алып келүү боюнча иштер тынымсыз жүрүп жаткандыгын билдирди.
Анын айтымына караганда, Бириккен Араб Эмираттарында учуп-конууга тыюу салынганына байланыштуу, Оман өлкөсү менен сүйлөшүп, эки учак жалдап 300 кишини алып кетүү боюнча макулдашууга жетишилди.
"Кудай буюруп, БАЭден учуп-конууга уруксат берилсе, калган жарандарыбыздын баарын бир күндө алып чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жетет. Биринчи кезекте Оман аркылуу жаш балдар менен аялдар алып келинет", - деди ал.
Президент ошондой эле бардыгын сабырдуулукка чакырды.
