Ошто 5-кабаттын балконуна түшүп кеткен 11 жаштагы бала куткарылды​
ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгы
30 апрель

Ошто 5-кабаттын балконуна түшүп кеткен 11 жаштагы бала куткарылды​

Ош шаарынын Ибраимов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 6-кабатынан 5-кабатына түшүп кеткен 11 жаштагы бала куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынан кабарлашты.

Окуя күн мурун, 29-апрелде болгон.

​Маалыматка ылайык, ал учурда 5-кабаттагы батирде эч ким жашабагандыктан, бала бекилип калган батирдин балконунда жардамсыз калган.

​Окуя болгон жерге Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, баланы балкондон алып чыгышкан.

​Куткарылган бала ата-энесине аман-эсен өткөрүп берилди. Анын абалы жакшы.

​Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ата-энелерди этият болууга жана балдарды кароосуз калтырбоого катуу эскертет.