ЖКККББ депутаттын кайрылуусуна жооп берди
10 сентябрь

ЖКККББ депутаттын кайрылуусуна жооп берди

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалык (ЖКККББ) Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Эгембердиевдин кайрылуусуна жооп берди.

Анда мындай деп айтылат:

1.Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 5-бөлүмүнө ылайык, эгерде алынган арызда, билдирүүдө кылмыштын курамы жок болуп, бирок укук бузуу жөнүндө маалымат болсо, тергөөчү материалдардын көчүрмөсүн убактылуу атайын айып төлөө короосуна коюлган мүлктөр (транспорт каражаттары) менен биргеликте, бул учурда Тергөө кызматынын тергөөчүлөрү ЖКККББнын Укук колдонуу бөлүмүнө Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде белгиленген тартипте же болбосо караштуулугу боюнча кароо үчүн жиберилет.

Ыйгарым укуктуу орган (ЖКККББ) жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө тергөөчүнүн токтомун жана материалдардын тиешелүү көчүрмөлөрүн алгандан кийин, убактылуу алынган мүлктөр (транспорт каражаттары) менен бирге чечим кабыл алат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 38-беренесинин 10-пункттун жетекчиликке алуу менен аны андан ары жөнөтүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурга чейин мүлктү убактылуу алып коюу жана аны андан ары сактоо укук бузуу жөнүндө протокол түзгөн ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

2.Ал эми экинчи суроо боюнча күзөттө турган кызматкер Бажы кызматына жана алар тарабынан орнотулган буткага такыр тийешеси жок.  Буткада турбайт.  Ал кызматкер ошол аймактагы жол тыгындарына жол бербөө багытында гана иш алып барат.

Жол кыймылынын башка катышуучуларына тоскоолдук жаратып, туура эмес токтотуп кетип калган унааларды эвакуатор менен жүктөп кетет.

 Бирок чет өлкөдөн келген унааларга  Укук бузуу кодексинин 182-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык,  (Транспорт каражатын каттоо тартибин бузуу) тийиштүү протокол түзүү менен айып короо жайына токтотууга мыйзам жол берет.