Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары– акимдердин орун басарларынын милдеттерин айкалыштырышат
10 июнь

Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары– акимдердин орун басарларынын милдеттерин айкалыштырышат

Мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу үчүн аткаруучу органдардын ишин координациялоо, ошондой эле агроөнөр жай комплексин туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоо максатында Министрлер Кабинети тарабынан тиешелүү токтому кабыл алынды.

Кабыл алынган документке ылайык, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары бир эле мезгилде жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын орун басарларынын – акимдердин орун басарларынын милдеттерин айкалыштыруу менен аткарышат.

Тиешелүү токтомго КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев колун койгон.

Бул чечим борбордук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө багытталган. 

Ал райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктардын башчыларына агроөнөр жай комплексин колдоо жана өнүктүрүү боюнча чараларды натыйжалуу иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, башкаруучулук ресурстарды жер-жерлерде актуалдуу маселелерди чечүүнү колго алууга, ошондой эле жергиликтүү органдардын калк алдындагы жоопкерчилигин жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Токтомго 2025-жылдын 2-июнунда кол коюлган жана расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.