Чычкан суусуна агып кеткен жаранды издөө иштери улантылууда
Ушул жылдын 5-июль күнү Бишкек–Ош унаа жолунун 248-чакырымында Чычкан суусуна түшүп кеткен ВАЗ-2106 үлгүсүндөгү унаа чыгарылып, унаанын ичиндеги 1954-жылы туулган Ш.А. аттуу эркек киши дайынсыз болуп жаткандыгы маалымдалган.
2026-жылдын 4-сентябрында жаранды издөө иштерин улантуу максатында ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Чынарбек Шекеновдун жетекчилигинде жалпы 66 куткаруучу тартылды.
Издөө иштеринин жүрүшү боюнча кошумча маалымат берилет.
