Курулуш министрлигинде ички ротация жүргүзүлдү
3 март

Курулуш министрлигинде ички ротация жүргүзүлдү

Бүгүн, 3-мартта министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон тиешелүү тескемеге ылайык, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу төрт департаменттин директорлоруна карата ички ротация жүргүзүлдү.

Иш-чара курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин жетекчилиги алдында өтүп, министрдин орун басарлары жана кызматкерлер катышты.

Чечимге ылайык;

Эрназарбек Суеркулов – Мамлекеттик архитектура курулуш контролдоо департаментинин директору кызматынан бошотулуп, Мамлекеттик экспертиза департаментинин директору болуп дайындалды.

Ал эми Маратбек Акназаров – Мамлекеттик экспертиза департаментинин директору кызматынан бошотулуп, Мамлекеттик архитектура курулуш контролдоо департаментинин директору болуп дайындалды.

Ислан Момоконов – Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директору кызматынан бошотулуп, Инженердик-изилдөө департаментинин директору болуп дайындалды.

Ал эми Болот Чолпонбаев — Инженердик-изилдөө департаментинин директору кызматынан бошотулуп, Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директору болуп дайындалды.

Министр белгилегендей, ички ротация кадрдык потенциалды натыйжалуу пайдалануу, башкаруу системасын өркүндөтүү, тажрыйба алмашууну күчөтүү жана ишмердүүлүктүн сапатын жогорулатуу максатында жүргүзүлдү.