Улуттук банк кезектеги алдамчылык схемасы тууралуу эскертет
9 июль

Улуттук банк кезектеги алдамчылык схемасы тууралуу эскертет

Социалдык тармактарда жана мессенджерлерде жеңилдетилген насыя алууга жардам берүү тууралуу жарнактар таратылууда.

Ишендириш үчүн алдамчылар Улуттук банктын логотиби бар жасалма документтерди жана жалган билдирүүлөрүн мисал келтирүүдө.

Улуттук банк жарандарды сак болууга чакырат. Мындай билдирүүлөргө ишенбегиле жана эч кандай шартта бейтааныш адамдарга акча которбогула. Маалыматты расмий булактардан гана текшериңиз.

Эскерте кетсек, Улуттук банк:

∙ калкка насыя бербейт

∙ акча которууну суранбайт

∙ кызматкерлердин күбөлүгүн жана башка расмий документтерди жөнөтпөйт

∙ жеке адамдарга кызмат көрсөтпөйт.

Эгер сиз алдамчылардын курмандыгы болсоңуз, дароо банк картаңызды бөгөттөп, укук коргоо органдарына кайрылыңыз.