Кыргызстанда Германиядан келген төө бучактын жаңы сорттору сыноодон өттү
22 январь

Кыргызстанда Германиядан келген төө бучактын жаңы сорттору сыноодон өттү

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы “Таза Жан” үрөнчүлүк чарбасынын базасында Германиядан алынып келинген жашыл төө буурчактын “Денис”, “Мендоза” жана “Ломка” жаңы сорттору сыноодон өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, натыйжада “Денис”, жана “Мендоза” сорттору эргежээл (сабактын узундугу 40-45 см), ал эми “Ломка” сорту болсо сойлоочу экени аныкталды. Белгилей кетсек, жогорудагы төө бурчактын жаңы сорттору үстүбүздөгү жылдын 28-майында себилген.

  • “Денис” сорту үчүн биринчи түшүм 8-июлда, акыркысы 30-августта, баардыгы болуп 7 жолудан жыйналган. Анын кабыгынын узундугу 12-14 см, көлөмү ичке жана өңү кочкул жашыл түстө. 
  • “Мендоза” сортунун биринчи түшүмү 25-июлда, акыркысы 30-августта алынган. Кабыктары узун келет, өңү болсо жашыл, ал эми уруктары ак түстө. 
  • “Ломка” сорту үчүн биринчи түшүм 20-июлда, акыркысы 30-августта жыйналып алынган, кабыгынын узундугу 12-13 см, түсү жашыл. Жалпысынан 5 жолу түшүм алынган.

Азыркы учурда дыйкан-фермерлер арасында бул өсүмдүккө болгон суроо-талап өсүүдө.

Ошондой эле, 2025-жылда төө бурчактын жаңы сортуна өлкөнүн тоо этектеринде сынөө жүргүзүү пландалууда.