Кыргызстан урология кызматын өнүктүрүү боюнча эл аралык эксперттер менен кызматташууну кеңейтет
Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Бельгия, Германия жана Түркиянын урология жана андрология тармагындагы алдыңкы эл аралык эксперттери менен жолугушту.
Ведомстводон кабарлашкандай, алар Ысык-Көлдө 9-10-июль күндөрү өтө турган эл аралык илимий-практикалык конгресске жана билим берүү программасына катышуу үчүн Кыргызстанга келишкен.
Жолугушууга ошондой эле саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиев, Саламаттык сактоо министрлигинин башкы штаттан тышкаркы урологу, Борбордук Азиянын сексуалдык медицина коомунун (CASSM) президенти, профессор Нурбек Моңолов катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандагы урология кызматын өнүктүрүү, медициналык кадрларды даярдоо, заманбап медициналык технологияларды киргизүү жана эл аралык кесиптик кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.
Ата мекендик адистердин квалификациясын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулду.
Германиядагы Шлезвиг-Гольштейн университеттик клиникасынын урология бөлүмүнүн директору, реконструктивдик урология жана эркектердин ден соолугу боюнча эл аралык эксперт, Кыргызстандын кулуну профессор Данияр Осмонов кыргызстандык урологдор үчүн билим берүү долбоорун ишке ашыруу боюнча демилгесин сунуштады.
Долбоор өлкөнүн урологдору үчүн Европанын алдыңкы адистеринин катышуусунда акысыз аралыктан окутууну уюштурууну, заманбап клиникалык билимдерди жана алдыңкы тажрыйбаларды бөлүшүүнү, ошондой эле кесиптик кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнү көздөйт.
Мындан тышкары, эл аралык эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү Кыргызстандагы урология кызматын өнүктүрүүгө эксперттик жана илимий-усулдук колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Жолугушууда дарылоонун заманбап ыкмаларын киргизүү, роботтук хирургияны өнүктүрүү, медициналык жардамды санариптештирүү, аймактардагы адистерге аралыктан консультация берүү жана ата мекендик медицинанын илимий мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо маселелери да талкууланды.
Министр Дамир Осмонов эл аралык кесиптик кызматташтыкты өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана дүйнөлүк мыкты медициналык практикаларды киргизүү Кыргыз Республикасында адистештирилген медициналык жардамдын сапатын жогорулатуунун маанилүү багыттарынын бири экенин белгиледи.
