Кыргызстанда күчү 4,8 баллга жеткен жер титирөө катталды
сүрөт: depositphotos.com
12 август

Кыргызстанда күчү 4,8 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргызстанда бүгүн, 12-августта болжол менен саат 13:14тө жер титирөө катталды. 

Алдын ала маалыматка ылайык, жер титирөө очогунда 4,8 баллга жетти.

Жер титирөөнүн очогу Нарын облусундагы Кочкорка айылынан болжол менен 17 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жер силкинүүлөр Казакстандын аймагында да сезилиши мүмкүн экени маалымдалды.

Жер титирөөнүн параметрлери азырынча алдын ала болуп саналат. Акыркы маалыматтарды Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту адистер тарабынан иштетилгенден кийин жарыялайт.

Учурда жабыркагандар же кыйроолор тууралуу маалымат түшө элек.