www
20 июль
Чүйдө каналган түшүп кеткен жаран изделүүдө
Чүй облусунун Ысык-Ата районунда, алдын ала маалымат боюнча, Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен жаш жигитти издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя тууралуу маалымат милицияга 19-июлда түшкөн.
Окуя Ивановка айылындагы Фурманов көчөсүндө жайгашкан Чоң Чүй каналынын тилкесинде болгон.
Алдын ала маалыматтар боюнча, 2004-жылы туулган А.Ю. достору менен сууга түшүүгө барган. Сууга секиргенден кийин ал кайра суу бетине чыккан эмес.
Учурда окуя болгон жерде тиешелүү кызматтар иш алып барууда. Издөө иштери улантылууда.
