Россияга иштөө үчүн барган кыргызстандыктарды “реестрден” сактоочу 7 кадам
27 январь

Россияга иштөө үчүн барган кыргызстандыктарды “реестрден” сактоочу 7 кадам

Россиянын миграциялык мыйзамдарына өзгөртүү киргизилип, өлкө аймагында убактылуу жашап жана иштеп жүргөн чет өлкөлүк жарандар үчүн талаптар катаалдашканына бир жыл болду. Ушул жылдын башталышында талаптар азыркыдан дагы катаалдашып, бир катар кошумча эрежелер киргизилери маалымдалды. Мисалы, медициналык текшерүүдөн өтүү мөөнөтүн кыскартуу, медициналык мекемелерге жана билим берүү мекемелерине мигранттар жана алардын балдары тууралуу тиешелүү органдарга кабарлар туруу милдетин жүктөө, медициналык текшерүүдөн өтпөгөндөргө административдик жоопкерчилик киргизүү ж.б. 

Кыргызстандын Россиядагы Элчилигинин кеңешчиси Айымкан Кулукеева соцтармактагы баракчасына Россияга иштөө үчүн сапар алган кыргызстандык эмнелерди эске алуусу керектигин жазып чыкты. 

Ага таянсак: 
1. Кыргызстандык өзүн migrant.kg сайты аркылуу Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмесинен текшерип алуусу кажет. Эгерде жаран Россияга биринчи жолу барып жаткан болсо, анда текшерүү керек эмес. 
2. Россиянын чек арасынан өтүп жатканда, документ толтурууда келүүдөгү максатты ачык көрсөтүү зарыл. Мисалы, иштөө үчүн (цель въезда - работа). 
3. Россиянын аймагына киргенден кийин, 30 күндүн ичинде “Сахарового” барууга туура келет: анда медициналык кароодон өтөт, манжа изи алынат жана сүрөткө түшөт. Бул процедуралардын соңунда мигранттын “кызыл” же “жашыл” картасы берилет. 
Россияга иштөө үчүн келгендерге “жашыл” же “кызыл” карталарды алуу – милдеттүү талап. 
Бул карталар болбогон учурда, миграциялык документтер толук болуп эсептелинбейт. 
4. Россияга иштөө үчүн биринчи жолу келген чет өлкөлүк жаран Мамлекеттик кызматтар (Госуслуги) тиркемесине катталышы жана СНИЛС номерин алышы керек. 
Мамлекеттик кызматтар тиркемесине катталуу үчүн жаран жашаган дареги боюнча миграция бөлүмүнө же “Мои документы” мамлекеттик тейлөө борборуна кайрылууга тийиш. А СНИЛС номерди Социалдык фонд берет. 
5. Россия жергесине киргенден тартып 30 күн аралыгында, жаран убактылуу жашаган дареги боюнча аймактык миграция органына кайрылууга, ал жактан миграциялык каттоого турууга тийиш. Эгерде жаран Москва шаарында же Москва облусунда иштөөнү чечсе, анда “Амина” тиркемеси жардамга келет – аны телефонго көчүрүп алып, ал аркылуу каттоого турууга болот. 
6. Иштөө үчүн келгендер 90 күндүн ичинде иш берүүчү менен эмгек келишимин же жарандык-укуктук келишим түзүүгө үлгүрүшү керек. Ошондой эле “Мамлекеттик кызматтар” тиркемеси аркылуу эмгек келишимдин расмий катталышын текшерип коюу ашыкча болбойт. Эгерде эмгек келишими базада жок болуп чыкса, бул тууралуу иш берүүчүгө айтып, келишимди расмий каттатууну талап кылуу зарыл. 
Эскертүү: Интернет же тааныштар аркылуу жасалма эмгек келишимин сатып алуудан алыс болуңуз! 
7. Кийинки кадам – иш берүүчү менен түзүлгөн эмгек же жарандык-укуктук келишимдин негизинде, Россияда убактылуу жүрүү мөөнөтүн узартуу кажет. Ал үчүн жашаган дарек боюнча миграция органдарына кайрылганда, алар миграциялык картанын артына мөөр басып беришет. 

Россияга келгенден 90 күндүн ичинде жогорудай айтылган кадамдарды жасап үлгүрбөгөндөр, “Көзөмөлдөгү адамдардын тизмесине” (реестрге) кирип калышы толук мүмкүн. 

“Реестрге” кирген жаран көптөгөн чектөөлөргө, анын ичинде банк картасынын бөгөттөлүшүнө туш болот, акырында Россиядан чыгып кетүү жолу гана калат.