Депутат: Биздин жарандардын укуктук аң сезими абдан төмөн
Юстиция министрлиги адвокаттарга лицензия берүүнү экиге бөлүү: универсалдуу жана локалдаштырган түрүн киргизүүнү сунуштоодо. Бул боюнча парламенттин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин жыйынында талкууланды.
Депутат Венера Салямова лицензияны экиге бөлүү адвокаттардын тең укуктуулугун бузбайбы деген суроо узатты.
Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыковдун айтымында, бул муктаждыктан улам кабыл алынган чара. Анткени, алыскы аймактарга адвокаттар барбайт. Ошондуктан лицензия алуудагы сынактын босого чеги негизи 70 упай болсо, аймактарга барып иштөөнү каалагандар үчүн 50гө түшүрүшкөн.
Депутат сынактан аз упай менен өткөндөр тарабынан жасалчу кызмат сапаты кандай болооруна тынчсызданды.
Сыдыковдун айтымында, мындай адвокаттар үч жыл мамлекеттик кепилдендирилген юридикалык жардам берүү тутумунда иштөөгө милдеттүү, башкача айтканда, калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтөт. А алардын гонорары Юстиция министрлиги тарабынан төлөнөт. Бирок мында локалдаштырылган лицензиялуу адвокаттардын ишмердүүлүгү белгилүү бир районго гана жарайт, баштапкы инстанцияда гана юридикалык жардам көрсөтөт. Качан иш облустук деңгээлге өткөндө автоматтык түрдө укугу токтотулат.
“Шайлоо өнөктүгүндө жүргөндө биздин жарандардын укуктук аң сезими абдан төмөн экенин байкадым. Юридикалык жардамга муктаждар көп. Мага да жалаң гана юридикалык маселелер боюнча кайрылышат. Акысыз адвокаттар болоорун көп жарандар билбейт. Ушул багытта иштерди алып барыш керек”, – деди Салямова.
