
Нарын шаарында 24 трансформатор оңдоодон өтөт
Билдирүүгө караганда, Нарын электр тармактар ишканасына караштуу Нарын РЭТи 24 даана трансформаторду оңдоодон өткөрөт.
Сентябрь айынын иш планына ылайык 19 даана трансформатор техникалык оңдоодон, ал эми 5 даана трансформатор капиталдык оңдоодон өткөрүү пландалган, бүгүнкү күндө иштер жүргүзүлүп жатат.
"Ошондой эле, 3 чакырым 10 кВ аба чубалгысында оңдоо иштери жүргүзүлүп, 2 даана трансформатордун шкафы алмаштырылып, 7 чакырым СИП кабели реконструкцияланат. Бул оңдоо иштери ноябрь айына чейин толугу менен бүткөрүлөт", - деп айтылат маалыматта.