КР элчиси Максат Мамытканов Грузиянын президентине ишеним грамоталарын тапшырды
Кыргызстандын Грузиядагы (рзиденциясы Баку шаарында жайгашкан) элчиси Максат Мамытканов 19-сентябрда Грузиянын президенти Михаил Кавелашвилиге Ишеним грамоталарын тапшырды.
Салтанаттуу аземдин жүрүшүндө М.Мамытканов М.Кавелашвилиге Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун саламын жана кайрылуусун жеткирди.
Ишеним грамоталарын тапшыруу аземинен кийинки жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү маселелерин талкуулашты. Өлкөлөр ортосундагы саясий жана соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө болгон өз ара умтулуу ырасталды.
Ошол эле күнү элчи Максат Мамытканов Грузия Парламентынын төрагасы Шалва Папуашвили, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен достук тобунун жетекчиси Давит Матикашвили жана Грузиянын маданият министри Тинатин Рухадзе менен жолугушууларды өткөрдү.
Жолугушууларда парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери, ошондой эле маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү перспективасы талкууланды.
