
Жээнбек Кулубаев Түркиянын эчиси Ахмет Садык Доганды кабыл алды
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доганды кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.
Тараптардын жолугушуусу 16-сентябрда өтүп, анда кыргыз-түрк эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде өлкөлөр ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү талкууланды.
Жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги алдыдагы өз ара сапарларга, ошондой эле Түрк мамлекеттери уюмунун алкагындагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду.