Ажылык сапарга каттоо 23-сентябрда башталат
10 сентябрь

Ажылык сапарга каттоо 23-сентябрда башталат

2026-жылы ажылыкка барууну каалагандарды каттоо 23-сентябрда башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Каттоо тартиби бир гана электрондук же ID паспорттун негизинде жүргүзүлөт.

"Элдик Банктын" ажылык сапар эсебине алдын ала баштапкы 2000 АКШ доллар жана кайтарымсыз 1200 сом төлөш керек.

Төлөм квота толгон убакытка чейин кабыл алынат, толгондо төлөм кабыл алуу токтотулат.

Ажылыкка талапкерлер банкка каражатты төлөгөн убактысын эске алуу менен квитанциясынын негизинде Кыргызстан боюнча бирдиктүү тизме боюнча каттоого тургузулат.

23-сентябрдан баштап 2-октябрь күнү саат 17:00гө чейин керектүү документтерди толуктап, облустук жана шаардык казыяттарга караштуу аймактык операторлорго барып катталуу зарыл.

Мөөнөтүнөн кечиккен жарандар каттоого алынбайт.