Баткен районунда дарыяга түшүп кеткен жаран изделүүдө
Баткен районунда 48 жаштагы жаран Кожешкен агып кеткен.
Баткен облустук милициясынан окуя 2026-жылдын 10-августунда, саат 18:00 чамасында болгондугун билдиришти.
Учурда издөө иштерине кошумча күчтөр тартылып, үч багытта, тактап айтканда, Зардалы, Жылуу-Суу-Таян жана Ак-Турпак айылынын багыты боюнча жүргүзүлүүдө.
Издөө иштерине катышкан кызматкерлерге Баткен РИИБдин жетекчилиги тарабынан тиешелүү нускамалар берилип, издөө иштери көзөмөлгө алынган.
