Кыргызстанда эми коррупцияга аралашуу аракеттери тууралуу онлайн билдирүүгө болот
Сүрөт ачык булактардан алынды
12 август

Кыргызстанда эми коррупцияга аралашуу аракеттери тууралуу онлайн билдирүүгө болот

2026-жылдын 10-августунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин № 537 токтому менен “Коррупциялык укук бузууларды жасоого көндүрүү максатында кайрылуу фактылары жөнүндө билдирүү” тартиби бекитилди.

Аталган документ Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамынын 11-беренесинин 3-бөлүгүн аткаруу максатында иштелип чыгып, коррупциялык укук бузууларды жасоого көндүрүү фактылары жөнүндө билдирүүнүн бирдиктүү жана ачык-айкын механизмин түзүүгө багытталган.

Бекитилген тартипте билдирүүлөрдү берүүнүн, анын ичинде электрондук түрдө берүүнүн жолдору жана мөөнөттөрү, аларды каттоо, эсепке алуу жана кароо тартиби, жооптуу кызмат адамдарынын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн ыйгарым укуктары, ошондой эле маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылуу жана мындай фактылар жөнүндө ак ниет билдирген адамдарды коргоо чаралары белгиленген.

Мындан тышкары, коррупциялык жана башка укук бузуулардын белгилери аныкталган учурда укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүүнүн тартиби каралган.

Токтомдун кабыл алынышы коррупциялык көрүнүштөрдү өз убагында аныктоого жана бөгөт коюуга, мыйзамдарды бирдей колдонууга, коррупциялык укук бузууларды жашыруу тобокелдиктерин азайтууга жана мындай фактылар жөнүндө билдирген адамдардын корголушун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Билдирүү тартибинин бекитилиши коррупциянын алдын алуу системасын өркүндөтүүгө, коомдо коррупцияга каршы маданиятты бекемдөөгө жана коррупциялык көрүнүштөргө карата принципиалдуу чыдамсыздыкты калыптандырууга багытталган дагы бир маанилүү кадам болуп саналат.