Бишкек мэриясы
12 август
Бишкекте Фрунзе көчөсүнүн оңдоп-түзөөдөн өткөн бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды
Бишкек шаарында Фрунзе көчөсүнүн А. Сүйүмбаев көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоп-түзөөдөн кийин унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.
Оңдоп-түзөө иштеринин алкагында эски асфальт-бетон жабындысы алынып, жолдун негизи бекемделди. Зарыл болгон инженердик тармактарды оңдоо иштери жүргүзүлүп, жаңы асфальт-бетон төшөлдү. Ошондой эле жол инфраструктурасынын элементтери жаңыртылды.
Департамент бекитилген графикке ылайык иштерди улантууда. Негизги көңүл жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга, жолдун сапатын жогорулатууга жана борбор калаанын транспорттук инфраструктурасын жакшыртууга бурулууда.
