ЖК: суу менен камсыздоо тутумдарын реабилитациялоого багытталган мыйзам долбоорлору колдоо тапты
Бүгүн, 10-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «2025-жылдын 14-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган, 2019-жылдын 23-майындагы Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Мырза-Аке, Дөң-Булак жана Куршаб жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суу менен жабдуу системаларын реабилитациялоо» долбоору боюнча кредиттик макулдашууга карата №1 кошумча макулдашууга жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Мырза-Аке, Дөң-Булак жана Куршаб жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суу менен жабдуу системаларын реабилитациялоо» долбоору боюнча берилүүчү Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын акционерлеринин Атайын фондунан инвестициялык грант тууралуу гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.
Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоору менен суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Алмаз Жээналиев тааныштырды.
Макулдашууга ылайык, Ош облусунун Мырза-Аке, Куршаб жана Дөң-Булак айылдарын суу менен камсыздоо тутумун жакшыртуу боюнча долбоорду ишке ашыруу үчүн 750 миң евро өлчөмүндө кайтарымсыз грант бөлүү сунушталууда. Кошумча каржылоо бюджети 2,25 миллион еврону түзөт, анын ичинен: ЕРӨБ кредити – 1,5 миллион евро; ЕРӨБ акционерлеринин атайын фондунун каражаттарынан грант – 750 миң евро. ЕРӨБдүн кредити 15 жылдык мөөнөткө, анын ичинде 3 жылдык жеңилдетилген мөөнөткө жана 1,0% + Euribor пайыздык чен менен берилет.
Эл өкүлдөрү мындан тышкары «2025-жылдын 17-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Кыргыз Республикасын климатка туруктуу суу менен камсыздоо – транш 2» долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну (№ 49793 – Транш 2), Европа Бирлигинин гранттык макулдашуусун (№ 49793 – Транш 2) жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын акционерлеринин атайын фондунун гранттык макулдашуусун (№ 49793 – Транш 2) ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун дагы биринчи окууда карап, колдоого алды.
