Кара-Балта шаарында топтошуп мушташкан жаштар жоопкерчиликке тартылды
2026-жылдын 7-августунан 8-августуна караган түнү Кара-Балта шаарындагы Береговая көчөсүндө жаштардын топтошуп мушташып жаткандыгы тууралуу маалымат Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө келип түшкөн.
Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, 17 жаштан 20 жашка чейинки жаштардын өз ара мушташып жаткандыгын аныктаган.
Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарап, коомчулук арасында кызуу талкуу жараткан.
Аталган факты Жайыл РИИБде катталып, тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө мушташка катышкан 17 жаш жигит аныкталып, Жайыл РИИБге жеткирилген.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, окуяга эки жаштын социалдык тармактагы пикир келишпестиги себеп болгон.
Бардык катышуучуларга профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Алардын ичинен 6 балага Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 102-беренеси, ал эми 2 балага 126-беренеси боюнча протоколдор түзүлдү.
Чүй ОИИББ жарандарды коомдук тартипти сактоого, чыр-чатактарга жол бербөөгө жана жалпыга бирдей жүрүм-турум эрежелерин сактоого чакырат.
