Айгүл Жапарова балдары жана неберелери менен бирге Кырчынга барды
видеодон алынган кадр
4 сентябрь

Айгүл Жапарова балдары жана неберелери менен бирге Кырчынга барды

Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова балдары жана неберелери менен бирге VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Кырчын жайлоосундагы этнобазарга барды.

Ал соода катарларын аралап, анда коюлган буюм-тайымдар менен таанышты. Айрым соодагерлер биринчи айымга сувенирлерди белек кылышты. Бирок анын уулдары белекке берилген буюмдар үчүн акча төлөп жатышты.

Айгүл Жапарова ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстандын ар кайсы өлкөлөрүнөн келген чет элдик катышуучулардын этнобазарга койгон эмгектерин көрдү.

Биринчи айымды этнобазардын иши жана анда уюштурулган аянтчалар менен тааныштырган маданият министри Мирбек Мамбеталиев коштоп жүрдү.