«КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды
Бүгүн, 10-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.
Демилгечилер – депутаттар Улугбек Ормонов, Бактыбек Сыдыков, Эльмурза Сатыбалдиев, Марлен Маматалиев, Жанарбек Акаев, Динара Ашимова, Исхак Масалиев, Марат Мураталиев.
Жыйында баяндама жасаган демилгечилердин бири депутат Улугбек Ормонов белгилегендей, мыйзам долбоору айыпталуучунун тергөөдөн жана соттон жашырынууга, кылмыш иши менен алектенүүнү улантууга жасаган аракеттерине, уюшкан топтордун жана кылмыштуу коомдоштуктардын мүчөлөрүнүн кылмыш ишине бөгөт коюу, күбөнү, жазык сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларын коркутуу, далилдерди жок кылуу же болбосо башка жол менен жазык иши боюнча өндүрүшкө тоскоолдук кылуу аракеттерин зыянсыздандыруу, кылмыштарды тергөөдө жарандардын укуктарын сактоонун кошумча кепилдиктерин жана шарттарын түзүү, сот адилеттигине коркунуч туудурган айыпкердин укукка сыйбаган аракеттерин четтетүү, кылмыштардын алдын алуу жолу менен жазык-процесстик ишти натыйжалуу камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.
Андан тышкары, жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.
Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санынын өзгөрүшүнө байланыштуу маселелерди ыкчам чечүү, ошондой эле судьяларга жүктөмдү бирдей бөлүштүрүү максатында иштелип чыккан.
Ошону менен бирге “2025-жылдын 8-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Туруктуу жана инклюзивдүү өсүштү өнүктүрүү саясатын биринчи каржылоо” тууралуу каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.
