Баткен облусунда күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселеси талкууланды
10 сентябрь

Баткен облусунда күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселеси талкууланды

Бүгүн Сүлүктү шаарында Баткен облусунун башчысынын орун басары Абдирашит Ташбалтаевдин жетекчилиги астында облустун күз-кыш мезгилине даярдыгы талкууланган жыйын өттү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.

Жыйынга район акимдери, шаар мэрлери, айыл өкмөт башчылары жана көмүр өндүрүүчү ишканалардын жетекчилери катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө калктын көмүргө болгон муктаждыгы, бааны жөнгө салуу жана элге жеткирүү маселелери талкууланды. Ошондой эле көмүрдү өз убагында даярдоо, мыйзамсыз сатууга бөгөт коюу жана калкты үзгүлтүксүз камсыз кылуу багытында бир катар сунуштар айтылды.

Жыйын соңунда жетекчилер кышка даярдыкты жогорку деңгээлде жүргүзүү зарылдыгын белгилешип, көмүр маселесин чечүүдө мамлекеттик органдар менен ишканалардын тыгыз кызматташуусу маанилүү экендигин белгилешти.

Белгилей кетсек, облус башчысы Айбек Шаменовдун буйругу чыгып, обулстук штаб түзүлүп, күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдык көрүү, жер-жерлерде калкты көмүр менен камсыз кылуу, көмүр базаларын ачуу жана көмүр баасын туруктуу кармоо, көмүр баасын көзөмөлдөө, өндүрүштүк объектилерди энергетика жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча тапшырмалар коюлган.