Укук коргоочу Азиза Абдирасулова кармалгандыгы кабарланды
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу анын кызы Гүлшайыр Абдирасулова билдирди.
Дагы бир укук коргоочу Динара Ошурахунова Абдирасулованын артынан күнү бою байкоо жүргүзүлүп, аны белгисиз адамдар аңдып жүргөнүн айтты.
«Кечээ күнү бою анын артынан ээрчип, аңдып жүрүштү. Дүйнө жүзү ага адам укуктарын коргоодогу эмгеги үчүн сыйлыктарды тапшырып жатат, ал эми бизде милиция анын артынан түшүүдө», — деп жазды Ошурахунова социалдык тармактарда. Ал ошондой эле президент Садыр Жапаровго кайрылып, болуп жаткан окуя боюнча суроо салды.
Анын айтымында, бүгүн эртең менен укук коргоочуну үйүнөн алып кетип, Ноокен райондук милиция бөлүмүнө жеткиришкен.
Азиза Абдирасулова буга чейин социалдык тармактардагы баракчасында өзүн атайын кызматтын өкүлү катары тааныштырган белгисиз адамдан телефон чалуулар болуп, коркутуулар айтылганын билдирген.
Учурда укук коргоо органдары тарабынан расмий маалымат бериле элек.
