Жергиликтүү шайлоодо 3 миңден ашуун аял-талапкер каттоодон өткөн
13 ноябрь

Жергиликтүү шайлоодо 3 миңден ашуун аял-талапкер каттоодон өткөн

Борбордук шайлоо комиссиясы “Караван-Инфонун” редакциясына депутаттыкка талапкерлердин гендердик курамы тууралуу айтып берди.
Мекеменин маалыматына караганда, шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн 39 саясий партия 33 шаардык кеңештин депутаттыгына 188 талапкердин тизмесин көрсөткөн.

Жалпысынан 188 талапкерлердин тизмесинде шаардык кеңештин депутаттыгына 993 мандат үчүн 5125 талапкер көрсөтүлгөн, анын ичинен эркектер – 3 285, аялдар – 1 840. Аялдардын саны 35,91 пайызды түзөт.

231 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоодо мандаттын жалпы саны 5 миң 391 болсо, анын 30 пайызы же 2 миң 185и аялдар үчүн сакталган.
Шаардык жана айылдык кеңештерге шайлоого жалпысынан 10 081 талапкер катталса, анын 3 717си аялдар.