ЭВФ Кыргызстанда мамкызматкерлердин айлык акысын кескин жогорулатуунун тобокелдиктерин эскертти
Кыргызстанда мамлекеттик сектордогу кызматкерлердин айлык акысын ири өлчөмдө жана үзгүлтүксүз эмес жогорулатуу инфляцияга жана макроэкономикалык туруктуулукка тобокелдик жаратышы мүмкүн. Бул тууралуу Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) баяндамасында айтылат.
Фонддун эксперттеринин белгилешинче, мамлекеттик сектордогу айлык акылар көп учурда бир нече жыл бою өзгөрүүсүз калып, андан кийин олуттуу өлчөмдө жогорулатылат.
ЭВФ мындай ыкманын ордуна эмгек акыны үзгүлтүксүз жана этап-этабы менен кайра карап турууну сунуштайт.
Фонд айлык акыны өзгөртүүдө инфляциянын деңгээлин, мамлекеттик бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүн жана айрым кесиптер боюнча эмгек рыногундагы кырдаалды эске алууну сунуштады.
ЭВФтин пикиринде, эмгек акыны акырындык менен жогорулатуу бюджетке болгон басымды азайтып, мамлекеттик чыгымдардын кескин өсүшүнө жол бербөөгө мүмкүндүк берет.
