Миграциялык мыйзамдарын так сактагыла. ТИМ АКШдагы кыргызстандыктарга кайрылды
АКШнын федералдык иммиграциялык органдары өлкөнүн ири шаарларында чет элдик жарандардын иммиграциялык макамын текшерүү боюнча иш-чараларды жүргүзүп жаткандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги төмөнкүлөрдү билдирет.
Кыргыз Республикасынын АКШдагы мекемелери кабыл алуучу өлкөнүн тиешелүү органдары менен тыгыз байланышта болуп, Кыргызстандын жарандарынын кармалышы мүмкүн болгон учурлар боюнча мониторинг жүргүзүүдө.
Жарандардан кайрылуулар түшкөн учурда, Кыргыз Республикасынын АКШдагы мекемелери ыкчам түрдө консулдук-укуктук жардам көрсөтүшөт, анын ичинде жарандардын укуктары жана милдеттери боюнча түшүндүрмө берүү, ошондой эле Американын улуттук мыйзамдарына жана эл аралык укуктун нормаларына ылайык адвокаттык колдоо алууга көмөк көрсөтүшөт.
Министрлик Кыргыз Республикасынын жарандарын дагы бир жолу АКШнын миграциялык мыйзамдарын так сактоого чакырат жана мүмкүн болгон терс кесепеттердин алдын алуу максатында массалык иш-чараларга, демонстрацияларга жана нааразычылык акцияларына катышпоону сунуштайт.
Кыргыз Республикасынын жарандарынын эсине:
1. Дайыма өздүгүңүздү тастыктаган документти жаныңызда алып жүрүңүз. Иммиграциялык макамыңыздын актуалдуулугун жана уруксат берүүчү документтердин мөөнөтүн текшерип туруңуз.
2. Иммиграциялык органдар менен байланышта болгон учурда сабырдуулукту жана сылык жүрүм-турумду сактаңыз. Өз укуктарыңызды колдонуңуз. Адвокаттан консультация алууга укугуңуз бар, мазмунун түшүнбөй туруп документтерге кол койбоңуз жана өздүгүңүздү тастыктоо максатында берилген суроолорго гана жооп бериңиз.
3. Консулдук жардам: эгер кармалып калсаңыз, Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелерине дароо кабар берүүнү талап кылыңыз.
- Ыкчам байланыш маалыматтары:
- Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчилиги (Вашингтон): +1 (202) 449-98-22, +1 (202) 256-2924
- Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу: +1 (312) 994-24-16, +1 (312) 929-34-42
- Электрондук дарек: kgconsulate.washington@mfa.
gov.kg, kgconsulate.chicago@mfa.gov.kg
