Болот Ибрагимов Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды
19 февраль

Болот Ибрагимов Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 19-февралдагы жыйында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоо маселесин карашты.

«Мекенчил-Ынтымак» депутаттык тобу Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары кызматына депутат Болот Ибрагимовдун талапкерлигин көрсөттү.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Болот Ибрагимов Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды. Анын талапкерлигин 53 депутат колдоду.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.