Акысыз медициналык тейлөө, диппаспорт: ЖК экс-спикерлерине артыкчылык берүү аракети артка кайтарылды
10 сентябрь

Акысыз медициналык тейлөө, диппаспорт: ЖК экс-спикерлерине артыкчылык берүү аракети артка кайтарылды

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында ушул жылдын 21-майында парламент тарабынан кабыл алынган “ЖК төрагасынын статусу боюнча” мыйзам долбоору КР Президентинин каршы пикири менен артка кайтарылганы белгилүү болду. 

Баяндамачы белгилегендей, мыйзам долбоорунда экс-спикерлерге бир катар артыкчылыктарды берүү, анын ичинде өзүнө жана жубайына акысыз медициналык тейлөө, КР дипломатиялык паспортун берүү, абамайдан жана темир жолдо расмий өкүлдөр үчүн берилчү залдарды акысыз пайдалануу каралган. 

“Президенттин каршы пикиринде:  КР Конституциясында экс-президенттерге гана өзгөчө статус жана артыкчылыктар берилери белгиленген.

Экс-президенттердин артыкчылыктары конституциялык негизге ээ болгондуктан, анын статусу жана артыкчылыктары өзүнчө мыйзам менен белгиленген. 

Ал эми ЖК төрагасына Конституцияда мындай статус каралган эмес. 

Мындан тышкары, мыйзам кабыл алынса, ал башка жогорку мамлекеттик органдардын мурдагы жетекчилери тарабынан ушундай талаптардын коюлушуна негиз болуп бериши мүмкүн”, – деп түшүндүрдү баяндамачы. 

Ошондой эле, Финансы министрлигинин корутундусуна ылайык, мыйзамды ишке ашыруу кошумча бюджеттик чыгымдарды талап кылат жана андай чыгым КР бюджетинде каралган эмес. 

Президенттин каршы пикирин депутаттар колдоп беришти.