Маматалиев: Капельница койбосо, укол сайбаса – ФАПтардын эмне кереги бар?
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев саламаттыкты сактоо министринин ФАПтарга капельница коюу жана башка процедураларды жасоого тыюу салган буйругунун максатына кызыкты.
Айтымында, Калыс-Ордо жана Мурас-Ордо калктуу конуштарда ФАП бар, бирок ал жакта укол сайылбайт, капельница коюлбайт. Буга Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу себеп болгон.
“Жөнөкөй капельницаны да алууга болбойт экен. Анда бизге ФАПтын эмне кереги бар, эгерде текшерүүдөн өтүп, укол-дары ала албасаң?” – деп таң калды депутат.
Маматалиев Достук жана Ак-Босого конуштарында ФАП куруу маселесин чечүүнү сунуштады. Айтымында, мэрия жер бөлүп берсе эле, курулуш иштери фонддордун эсебинен жүргүзүлөт.
