Баткен облусуна Эне жана баланы коргоо борборун ачуу маселеси каралды
19 февраль

Баткен облусуна Эне жана баланы коргоо борборун ачуу маселеси каралды

Баткен облусунун саламаттыкты сактоо тармагынын жыл жыйынтыктаган коллегиясы жана президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы саламаттыкты сактоо боюнча координациялык кеңешинин отуруму өттү.

Жыйынга президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башчысы Кыялбек Ташполотов, Саламаттык сактоо министрлигинин баштапкы медициналык-санитардык жардам жана дары саясаты бөлүмүнүн башкы адиси Раиса Асылбашева, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Баткен облусундагы куратору Арзыбек Бөрүбеков баштаган саламаттыкты сактоо кызматкерлери катышты.

Жыйында жыл ичинде аткарылган иштер тууралуу маалымат берилди. Ага ылайык саламаттыкты сактоо мекемелеринин материалдык техникалык базасы чыңдалган. Алар;

  • Баткен областтык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна караштуу №5 ҮБДТнун Бужун ФАПы Ассанабил фонду тарабынан 10 млн сомго жаңы курулду.
  • Лейлек ЖДПБ ҮДБнун кошумча имараты 8 млн сомго курулуп ишке берилди. Лейлек ЖДПБнун №19 Баул УДТобу бутуп пайдаланууга берилди.
  • Кулунду ЖДПБнын №25 ҮДТнун имараты курулуп пайдаланууга берилди. Кулунду ЖДПБнын №7 УДБнун жаны имараты АРИС фонду аркылуу жалпы сметалык баасы 8 млн 500 мин сом курулуп пайдаланууга берилди.
  • Ассанабиль фонду тарабынан 3 млн сомго жаңы Уч-Коргон ЖДПБ Калтак ФАПы курулду.
  • Сүлүктү ЖДПБнун №1.2.3 УДТ жана дарт аныктоо бөлүмү Республикалык бюджеттен 22млн 772 мин сом капиталдык ремонттон өткөрүлдү,жана 2млн 300 сомго суу түтүкчөлөрү ондолду. Ошондой эле терапия бөлүмүнүн 2 кабаты 6 млн сомго ондоодон өттү Түрткү берүү гранттын эсебинен андан тышкары 2 млн 300 сом жергилүктүү бюджеттин эсебинен чатыры оңдолду.

Мындан сырткары бир катар саламаттыкты сактоо мекемелеринин имараттары оңдоп түзөөдөн өтүп, медициналык жабдуулар сатылып алынган.

Коллегияда 2026-жылга план тапшырмалар коюлду. Алар;

Баткен областык биргелешкен ооруканасынын жаңы имаратын курууну колго алуу,

Самаркандек ЖДПБ карашту Рават айылындагы 50 керебетке ылайыкташкан оорукананын имаратын бүткөрү менен заманбаб шарттарды түзүү,

Баткен шаарынан жер тилкесин ажыратып имарат куру менен жаш дарыгерлерге жатакана маселесин чечүү,

КММА жана ОшМУ медицина факультетинин бүтүрүүчүлөрүн жумушка тартуу жана шарттарды түзүү,

Ооруканалар менен УБДТ ортосундагы байланышты күчөтүү,

Областын аймагында энеликти жана балалыкты коргоодо, өткөн жылда кетирилген кемчиликтерди эске алуу менен энелердин жана балдардын өлүмүн азайтуу боюнча атайын иш – чараларды кабыл алуу.

Баткен облусуна эне жана баланы коргоо борборун ачуу,

Баткен областык саламаттык сактоо мекемелерин жаны медициналык жабдуулар менен камсыздоо (цифровой рентген, КТ, МРТ гемодиализ ж.б.)

-Жаңы инновациялык ыкмаларды киргизүү жана ишке ашыруу

-Баткен областык саламаттык сактоо мекемелерин тез жардам унаасы менен камсыз кылуу

-Адистерди чет мамлекетте тажрыйба алмашуу алкагында иш алып баруу

-Саламаттык сактоо мекемелеринде санариптештирүү боюнча жумуштарды аягына чыгаруу.

Жыйындын соңунда Жаныбек Исаков, дарыгерлерди эне жана бала өлүмдөрүнүн алдын алуу боюнча чараларды күчөтүүгө чакырды. Ошондой эле жугуштуу илдеттердин алдын алуу менен, эмдөө иш чараларына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.