Чүй облусунда каракчылыкка шектүү кармалды
2026-жылдын 20-февралында Жайыл РИИБине 1954-жылы туулган С.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз славян улутундагы эркек адамга карата чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, 2026-жылдын 20-февралына караган түнү болжол менен саат 01:00 чамасында белгисиз адам терезени сындырып, Кара-Балта шаарындагы анын үйүнө мыйзамсыз кирип барып, коркутуу жолу менен акча талап кылган жана ага дене жаракаттарын келтирген. Андан кийин сумкасындагы акча каражаттарын ачык түрдө алып, белгисиз тарапка качып кеткен.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 207-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголду.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү жаран аныкталган – 1994-жылы туулган Н.А. Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кылмыш ишинин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.
