Өмүрбек Бабанов технопаркын курулушуна $50 млн салат
6 декабрь

Өмүрбек Бабанов технопаркын курулушуна $50 млн салат

Өмүрбек Бабанов 50 млн долларга технопарк куруп, январдын аягында ачылышы пландалып жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Өзгөн районундагы айланма жолдун ачылыш аземинде айтты.

Президент ички инвесторлор келбесе, же алар кайсыл бир долбоорлорду технологиялык же каржылык тоскоолдуктардан улам ишке ашыра албаса, анда сырттан келген инвесторлорго бергенге аргасыз болорун баса белгиледи.

“Мисалы, биздин бай жарандарыбыз буга чейин завод-фабрикаларды салып, ошол жакта бизнес кылып келишкенин бардыгыңыздар жакшы билесиздер. Азыр ошолордун баарына мамлекет тарабынан кепилдик берилип, өлкөнүн ичинен инвестиция салдырып жатабыз. Кечээ Өмүрбек Бабановду кабыл алдым. “Азия Молл” соода борборунун аянтын чоңойтуп, тышки келбетин жакшыртыш үчүн 18-20 млн доллар акча салып атат. 50 млн долларга технопарк куруп, январдын аягында ачылышы пландалып жатат. Башка ички инвесторлорубузга көлдүн жээгинен 10-20 гектарлап жер бердик. Алар 100-150 млн долларлык 5 жылдыздуу отель, пансионаттарды салып башташты. Эки жылда аларды ишке киргизип калабы, деп болжолдоп жатабыз”, - деди Садыр Жапаров.