Депутат Самыйкожо: Биздин арабызда миңдеген гектар жерди протоколсуз токтом менен алып алган бир кесиптешибиз бар...
10 сентябрь

Депутат Самыйкожо: Биздин арабызда миңдеген гектар жерди протоколсуз токтом менен алып алган бир кесиптешибиз бар...

Депутат Мирлан Самыйкожо Ысык-Атадагы томат чыгарган завод ээлеген жерге байланышкан маселени сот бир тараптуу карап, чечим чыгарганын билдирди. 

Ал бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында айтты. 

“Завод элдин жерин алып алгандыктан, орто жана чакан ишкерлерге фонддун жери калбай калгандыгы тууралуу маселе боюнча сотко бир нече жолу кайрылуулар болгон. Бирок сот эки тараптын бирин чакырып, экинчисин чакырбай туруп бир жактуу чечим чыгарган. Ушундай болобу?” – деп сурады ал Юстиция министрлигинин өкүлдөрүнөн.

Бирок суроосу жоопсуз калды. 

Ал карапайым эл ушул күнгө чейин чындык издеп, соттон сотко кайрылып келатышканын, бирок чындыкты бир жерден да табышпаганын белгиледи. 

“Тактап айтканда, бул жерде айылдык кеңештин токтомун сот негизги аргумент катары карап чечим чыгарган. А чынында ал токтомдун протоколу жок, токтомдорду каттоочу журналда катталбаган. Ага карабай сот мыйзамдуу документ катары карап жатат. Бул эмне дегендик? Же соттор бирдеме үмүт кылып жатасыңарбы же бизди үмүт кылуучу соттор барбы? Атайын ушундай чечим чыгарып жатышабы? Карапайым эл гана күйүп жатат. Миңдеген гектар жерди биздин бир кесиптешибиз алып отурат, аты аталып жатат. Бул уят нерсе. Жөнөкөй адам бир гектар жер ала албай аткан чакта, миңдеген гектар жерди мыйзамдуу деп, бирок жогорудагыдай эле протоколу жок токтомдор менен басып алып отурушат”, – деди Самыйкожо.