Депутат жаштар саясатын Маданият министрлигинен чыгарып, өзүнчө агенттикке айлантууну сунуштады
Депутат Табылды Муратбеков Жогорку Кеңештин жыйынында жаштар саясатын жүргүзүүнү өнүктүрүүнү сунуштады.
Айтымында, коңшу жана постсоветтик өлкөлөрдүн баарында жаштарга өзүнчө көңүл бурулган. Бир гана Кыргызстанда андай нерсе жок.
“Жаштар саясаты бизде жетим саясат болуп калды. Ал эч убакта өзүнчө болгон эмес, дайыма маданияттын же социалдык камсыздоонун көлөкөсүндө жүрөт. Мисалы, Өзбекстанда Жаштар иштери боюнча агенттик бар, анын борбордук аппаратында эле 776 адам иштейт. Казакстанда Үй-бүлө жана жаштар иштери боюнча комитет иштейт жана борбордук аппаратында 50 кызматкер иш алып барат. Россияда Росмолодежь иштейт жана бюджети абдан чоң. Азербейжанда Жаштар жана спорт министрлиги бар”, – деди ал.
Ал белгилегендей, Кыргызстанда жаштар саясаты Маданият министрлигинин алдындагы бир башкармалык жана анда 7 гана кызматкер иштейт.
“Ошентип, 7 адам Кыргызстандын жаштар саясатын жүргүзүүдө”, – деген депутат жаштар саясатына өзгөчө көңүл буруп, бул боюнча улуттук агенттик ачууну сунуштады.
